КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ

Бакалавриат программаларына кабыл алуу

Өтүнүч арыз менен кайрылууну бүгүн баштаңыз

Онлайн түрүндө
ЖЕ
2020-2021-окуу жылында Борбордук Азия Университетинин бакалавриат программасына тапшыруу үчүн өтүнүч арыздын формасын жүктөп алыңыз. Өтүнүч арыздын формалары Борбордук Азия Университетинин Кыргызстандагы Нарын жана Тажикстандагы Хорог кампустары үчүн басыңыз.
[ Word формат ]
[ PDF формат ]

Борбордук Азия Университетинде билим алуу жөнүндө кыскача маалыматтар проспектти жүктөп алыңыз

Англис тилинде
Орус тилинде

Гуманитардык жана так илимдер мектеби

БАУнун Гуманитардык жана так илимдер мектеби студенттерге келечекте алардын кесиптик жана жекече турмушуна инновацияларды киргизүүгө мүмкүндүк бере турган жана маселелерди чечүүдө ар кыл ыкмаларды бириктиреген билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүүгө көмөктөшкөн турган бакалавриат программасын сунуштайт. БАУ кампустарында бакалавриат студенттери англис тилинде сүйлөгөн чөйрөгө батырылган, жана да окуу англис тилинде гана өтүлөт.

БАУга кабыл алынган студенттер академиялык жактан эң жакшы студенттер болуп эсептелет. Алардын арасында илимий олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, студенттик өкмөттөрдүн президенттери, калктын аярлуу катмарынын таламын жактагандар, таланттуу сүрөтчүлөр жана музыка сүйүүчүлөр, сыйлыктарга ээ болгон спортчулар жана коомчулук үчүн ар дайым жардамга кол сунууга даяр дилгир ыктыярчылар бар.

БАУ сабакта да жана сабактан тышкары да билим алууга суусап турган тырышчаак жана аракетчил студенттерди күтөт. БАУ менен өз саякатыңарды баштагыла жана өтүнүч арызды бүгүн эле тапшыргыла!

Эмне үчүн БАУну тандоо керек?

  • Бакалавриат окуу программалары Борбордук Азиянын контекстине жараша эл аралык жогорку окуу жайлары менен чогуу иштелип чыккан;
  • Эл аралык стандарттарды, ошондой эле Борбордук Азиядагы таланттуу жаштарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча милдеттенмелери бар;
  • Заманбап жана эң алдыңкы деңгээлдеги окуу кампустары, билим беруу жабдууларга бай университеттик инфраструктурага ээ;
  • Англис тилиндеги сапаттуу билим берүү, класстын ичинде жана класстан сырткары;
  • Гуманитардык предметтердин, илимдердин жана технологиянын кайталангыс айкалышындагы өзгөчө колдонмо мүнөздөгү окутуу;
  • Акы төлөнүүчү өндүрүштүк практика (стажировка) аркылуу тажрыйба алуу жана курстук долбоорлор;
  • Жамааттык курстук долбоорлор жана ишканаларда акы төлөнүүчү стажировка аркылуу окутуу;
  • Студенттерди окутуу жана насаат берүү, жана изилдөө иштерин дилгирлүү ,жогорку денгэлдеги илимий наамдарга жана PhD даражаларга ээ болгон мыкты квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам;
  • Дүйнөлүк деңгээлдеги ар тармактуу магистратура программаларында билим алууга үчүн даярдоо;
  • Стипендиялар, гранттар жана пайызсыз насыялардын алкагындагы кепилдикке алынган каржылык колдоо.

Эл аралык деңгээлдеги окуу кампустары

БАУнун биринчи кампусу 2016-жылы Кыргызстандын Нарын шаарында, андан кийин Тажикистандын Хорог шаарында (2017-жылы) ачылган жана Казакстандын Текели шаарында (2021/22) ачылышы болжолдонууда. Нарын кампусу Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Нарын шаарына жетүү жеңил. Кампустун башкы планы жана эскиздик долбоору үчүн сыйлык алган жапон архитектуралык фирмасы «Арата Исозаки & Associates» тарабынан иштелип чыккан. Кампустун турмушу академиялык билимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, коомдук иштер , спорт жана эс алуу, маданий алмашуу , иш-аракеттерге катышуу менен жоопкерчиликтүү жарандык жана лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Студенттер төмөнкүлөр сунушталат:

  • Заманбап аудиториялар , лабораториялар жана китепканалар;
  • Коопсуздук талаптарына жооп берген жатакана, окуу жана эс алуу аймактары;
  • Өздүк мейкиндикти камсыз кылган модулдук бөлмөлөр;
  • Жогорку деңгээлдеги ыңгайлуу, шарттары ачык асман астында таза абада жайгашкан окуу мейкиндиктери;
  • Үстү жабылган өткөөлдөр,жана автоматтык жарык берилген коопсуз жайлар.

БАУда билим алууга кантип тапшырам?

  1. БАУга толтурулган 1-этаптагы өтүнүч арыздын формасын жана коштомо документтерди (онлайн, электрондук дарек аркылуу жекече колмо-кол жеткирүү) 2020-жылдын 15-март күнү саат 23:59 (GMT+6) чейин тапшыруу керек.
  2. 1-этаптагы өтүнүч арызды тапшырган абитуриенттер БАУнун кирүү сынагына англис тили, математика жана логика сабактары боюнча 2020-жылдын 5-апрелинде тапшырышат. Кирүү сынагына альтернативдүү абитуриенттер БАУга өзүлөрүнүн SAT сынагы жана SAT эссе алган баллдарын боюнча 2020-жылдын 5-апрелине чейин тапшырууга болот. Баллдарын жиберүү үчүн, Борборбдук Азия Университетинин атайын коддун колдонуу керек - 7834
  3. Алдын-ала тандоодон өткөн абитуриенттер 2020-жылдын май айында 2-этаптагы өтүнүч арыздын формасы менен бирге өзүлөрүнүн мугалимдеринен 2 сунуш каттарын , жана каржылык колдоону алууга арыз тапшырууга тийиш.
Өтүнүч арыздарды кабыл алуу 2019-жылдын ноябрь айында башталат.
Кеңири маалымат алуу

БАУда ким билим ала алат?

БАУнун студенттери Борбордук Азиянын ар кайсы жерлеринен, чет өлкөдөн жана коомдун ар түрдүү катмарларынан келет. Ошондой эле БАУ мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн да жеткиликтүү. БАУнун окуу кампустары керектүү инфраструктура менен камсыз болуп эл аралык нормалар жана эрежелер иштелип чыккан курулуш стандарттарына жооп берет. Кампус лифттер менен , студенттер жана окутуучулар үчүн атайын жабдылган, турак жайлар жана жатаканалар менен камсыз кылынган БАУ бардык өтүнүч арыздарды сыймыктануу менен кабыл алат.

БАУнун студенти:

  • Окуудагы жетишкендиктерге умтулат;
  • Билимдин жаңы багыттарын үйрөнүүгө кызыкдар жана окуудан тышкары процессте үйрөнгөн көндүмдөрүн колдонот;
  • Ойлоп табуучулук, ишкердик чечимдер менен реалдуу дүйнөнүн кыйынчылыктарын чечүүгө өзүн арнаган;
  • Ойлоп табуучулук, стандарттык эмес ыкмалар менен реалдуу тапшырмаларды чечүүгө даяр;
  • Жакшы угуучу, команда оюнчусу жана лидер;
  • Жекече ийгиликке гана кызыкпастан, коомчулуктун, өлкөнүн жана аймактын ийгилигине кызыгат.

Бүгүнкү күндө БАУ ар бир кампусуна бир окуу жылга 40 студент, баардыгы 80 студентти кабыл алат. БАУ ар бир академиялык багытына гендер, жергиликтүү аймак, шаар жана айыл жергесинен келгенине негиздеп, тең баланста өкүлдөрдү кабыл алууга максаттанат. Кабыл алуу процессинин жүрүшүндө, минимум квоталардын 85% Тажикстандан, Кыргызстандан жана Казахстандан келген тапшыруучуларга жана 15% эл аралык тапшыруучуларга берилиши көзөмөлдөнөт.

Кайсы жерде окуйм ?

Азыркы учурда БАУнун Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) шаарларындагы кампустарында бакалавриат программаларынан өтүш үчүн өтүнүч арыздар кабыл алынып жатат. БАУ "ММК жана байланыш"; Компьютер илимдери (Нарын кампусу); Жер жана айлана-чөйрөнү коргоо илимдери жана Экономика (Хорог кампусу) багындагы адистиктерди сунуш кылат. Тандап алган адистиги боюнча студенттер БАУнун Кыргызстандагы Нарын же Тажикстандагы Хорог кампустарында окуй алышат.

Биз менен байланышыңыздар

Электрондук дарек: admissions@ucentralasia.org

Tел:
+996 312 663 822/+996 770 822 901 (Kыргызстан)
+992 93 999 99 64 (Тажикстан)
+7 777 822 3948 (Kазакстан)

Кошумча маалымат үчүн социалдык тармактарга жазылыңыздар: