БАУнун өтүнүч арызын тапшыруу үчүн онлайн система

Урматтуу абитуриент!

Бул пайдалануучунун колдонмосу Борбордук Азия Университетинде билим алуу үчүн өтүнүч арыздын онлайн формасын толтуруу үчүн сизге жардам берүү максатында иштелип чыккан.

Пайдалуу кеңештер:

  1. БАУнун онлайн өтүнүч арызын ачууда мыкты натыйжа алуу үчүн биз Internet Explorer ди колдонууну сунуштайбыз. Ошондой эле, Firefox же Google Chrome браузерлерин да пайдалансаңыз болот.
  2. Онлайн өтүнүч арызды толтуруудан мурун кабыл алуу талаптарын аягына чейин карап чыгууну сунуштайбыз.
  3. Эгер буга чейин онлайн системасына катталган болсоңуз, 1-кадамды аттап кийинки кадамга өтөсүз.

1-кадам: эсептик жазууну каттоо

  1. БАУнун онлайн өтүнүч арызынын сайтына кириңиз
  2. Бул шилтеме менен системага кирүү. 1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, “Жаңы колдонуучу “ атуу эсептик каттоо шилтемесин басыңыз.
  1. Талап кылынгандай, жеке электрондук даректи жана сырсөздү киргизүү аркылуу эсептик жазууну каттаңыз.
  2. Сырсөз кеминде 7 белгиге ээ болушу керек: бир өзгөчө белги (@, #, $,%) жана бир катар сандан турушу керек: (мисалы Bishkek12@).
  3. "Каттоо" дегенди басканда, сиз көрсөткөн почта дареги боюнча каттоону ырастаган/текшерген электрондук кат аласыз. Эгерде сизге ырастоочу/текшерүүчү электрондук кат келбесе, анда спам/ папканы текшериңиз.
  1. .мындан кийин сиз системага кирүү баракчасына келесиз (1-сүрөттү кара)
  2. Өзүңүздүн электрондук даректи жана сырсөздү киргизиңиз. Катталууда пайдаланган 2- сүрөттө электрондук дарек менен сырсөздү пайдаланыңыз. Эми «логин»баскычын басыңыз.

ЭСКЕРТҮҮ

Кабыл алуу процессинде жеке электрондук дарегиңизди көрсөтүңүз.

Ушул эле электрондук дарегин колдонуп, бир гана каттоо эсебин түзүңүз.

Эгерде сиздин каттоону ырастаган/ текшерген электрондук кат бир нече сааттын ичинде келбесе, apply@ucentralasia.org дареги менен бизге жардамга кайрылыңыз.

2-кадам: Жекече баракчаны түзүү

  1. Эсеп жазууңузга ийгиликтүү киргенден кийин төмөнкү баракчалар ачылат ( 3a жана 3б- сүрөттөрүн кара):
  1. 3b сүрөтүндө көрсөтүлгөндөй өтүнүч арызды түзүү үчүн баракчада талап кылынган жеке маалыматты толтуруңуз.

Эгерде сиздин шаарыныздын аты “Шаар/Калаа” тизмесинде болбосо, “шаардын/калаанын аты” деген кутуга шаарыңыздын атын кол менен терип киргизиңиз.

Сиз «Save» («Сактоо») дегенди басканда кийинки баракчага өтөсүз.

  1. Жаңы өтүнүч арыздын бети сизге тапшырып жаткан программаны, жанапрограмманы сунуштаган өлкөнү тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Сиз программаны тандагандан кийин, “Өтүнүч арызды түзүү” кнопкасын басыңыз, система ырастоо кабарын көрсөтөт. Жогорудагы 4-сүрөттү сүрөттү караңыз.

Сиз өзүңүздүн тандооңузга ишенген кезде гана “ооба” баскычын басыңыз да, андан ары улантыңыз.

ЭСКЕРТҮҮ

Бир жолку түзүлгөн өтүнүч арызды жок кылуу мүмкүн эмес.


Кийинки бетте берилген маалыматты көңүл коюп окуп, төмөндөгү шарттарды кабыл алаарыңызды ырастаныз:

  • Өтүнмө келип түшкөнүн кабарлоо
  • Берилген маалыматтарды тастыктоо
  • Жеке маалыматтарды чогултууга жана колдонууга макулдук берүү

Кийинки баракчада документтер тизмегин кылдаттык менен окуп чыгып ырастооңуз талап кылынат.

Кийинки бетте берилген маалыматты көңүл коюп окуп, төмөндөгү шарттарды кабыл алаарыңызды ырастаныз.

Click on "I agree" box, then press "Next" to continue.

Кийинки баракчада альтернативдүү программанызды аныктап, анан “Save & Next” (“Сактоо & Кийинки”) деген кнопкаларды басыңыз.

  1. Альтернативдүү программаны тандоо жасагандан кийин ошол тандоону Choice #2 (Тандоо #2) деп белгилеңиз. Талап кылынган тийиштүү маалыматты киргизүү үчүн система сизди кийинки баракчалардын топтомуна алып барат.

I кадам: Билим тууралуу маалымат

Бул баракчада (6-сүрөт) бардык академиялык квалификацияларды бир-бирден көрсөтүнүз керек. Мисалы:

  • Education qualification бөлүмүндө 11- класстан же акыркы класстан баштаңыз (мисалы, аттестат ж.б.), сертификат/даража деп окуган бөлүмдө.
  • Бул аттестатты\ сертификатты алган мекеменин атын таңдаңыз.
  • Мекеме/ институт жайгашкан шаар/областты тандаңыз з.
  • Мекеме/институт жайгашкан өлкөнүн атын тандаңыз.
  • Тапшырган жылынызды көрсөтүнүз.
  • Аяктаган жылын көрсөтүңүз.
  • Англис тили жана математика боюнча бааларды көрсөтүнүз.
    • Сиз акыркы бааларды күтүп жатсаңыз, анда «Күтүлгөн натыйжалар» деген кутучаны басыңыз.
    • Бул объектилерди кошуу үчүн Subject кийинки чоңойткуч баскычын басып андан кийин ENG тандап GRADE жанында чоңойткучту басып бааңызды киргизиңиз. +басып, дагы бир сабакты кошуңуз. Айтылган кадамдарды кайталап, бирок ENG ордуна MATH тандагыла.

Эгер жыйынтык баалар дагы чыга элек болсо, анда Results awaited дегенди жандагыла.

Эгер дагы бир аттестат/сертификатты киргизиш керек болсо “Save and new Qualification”, (“Сактоо & жаңы аттестат/сертификатты кош”) деген баскычын басыңыз. Муну аткарганда баракчанын ылдый жагында торчо пайда болот. Маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу үчүн ылдый жагындагы торчону текшерүү керек.

Бардык сиздин аттестат/сертификаттарды кошуп бүткөндөн кийин “Save and Next” (“Сактоо & Кийинки”) дегенди басыңыз.

Система кийинки баркчага сизди автоматтык түрдө алып барат.


II кадам: Альтернативдүү тестирлөө

  • Test ID бөлүкчөсүнөн NEW SATI тандаңыз
  • SAT тестти тапшыруу күнүн тандаңыз
  • SAT тесттин тапшырууну кайсы өлкөдө жүргүзөөрүңүздү көрсөтүңүз да “Result awaited” кнопкасын басыңыз

Эгер сиз SAT тестин жана SAT Essay сынагын берген болсоңуз , өзүңүздүн баллдарынызды төмөндөгүдөй жиберсениз болот

  • Test ID бөлүкчөсүнөн new SATI тандаңыз
  • SAT тестин берген күндү көрсөтүңүз
  • SAT тестин берген өлкөнү тандаңыз
  • Тесттен алган баллдарыңызды сурадган формада көрсөтүңүз

Бул бөлүкчөнү толтургандан кийин “Save & Next” (“Сактоо жана кийинки”) дегенди басыңыз. Система кийинки баракчага сизди автоматтык түрдө алып келет


III кадам: Ата-эне / асырап алуучуңуз тууралуу маалымат

Бул бөлүкчөдө эки адам жөнүндөгү гана маалыматты киргизе аласыз

“Ата-эне/ асырап алуучуңуз жөнүндө маалымат” толтурулгандан кийин кошумча маалымат бар болсо, анда “Save & Add New Relationship” (“Сактоо & Жаңы мамилени кош”) дегенди басыңыз. Муну аткарганда беттин ылдый жагында торчо пайда болот. Маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу үчүн ылдый жагындагы торчону текшерүү керек.

“Ата-эне/ Камкорчу жөнүндо маалымат” кошууну бүткөндөн кийин, “Save & Next” (“Сактоо & Кийинки”) дегенди басыңыз.

Система кийинки баракчага сизди автоматтык түрдө алып келет.


IV кадам: Башка программаларга катышуу тууралуу маалымат киргизүү

Сиз катышкан бардык программалардын, жана катышууну каалаган башка жогорку окуу жайларындагы программалардын тизмесин тандагандан кийин “Save and Next” (“Сактоо жана Кийинки”) деген баскычын басыңыз.

Система кийинки баракчага сизди автоматтык турдө алып келет.


Кадам V: Кыргызстан, Тажикистан жана Казахстандан башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн документтерди толтуруу.

Эгер сиз Кыргызстандын, Тажикистандын же Казакстандын жараны болбосонуз анда төмөндөгү документтерди толтурушуңуз керек:

  • Паспорттун/ өздүгүн улуттун тактаган документтин көчүрмөсү
  • Орто билим баа тизмесинин расмий документтин көчүрмөсү

Файлдар PDF же JPEG (JPG) форматында жүктөлүп көлөмү 1 МБ ашпашы керек

Паспорттун/өздүктүн улуттун тактаган документ көчүрмөсүн жүктөө үчүн:

  • Document Type блогунун жанындагы чоңойткучтуу басыңыз да National ID тандаңыз
  • Document Name бөлүкчөсүнөн документтин атын (мисалы паспорт) тандаңыз
  • Upload деген баскычты басып, системага киргизе турган документти тандаңыз
  • Документ жүктөлүп бүткүчө күтө туруңуз. Бул процесс бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн.
  • Документ жүктөлүп бүткөндө таблицанын ылдый жагында көрүнөт.

Орточо билим алгандыгы тууралуу расмий документтин көчүрмөсүн киргизүү үчүн жогорууда айтылган кадамдарды аткаргыла, бирок кээ бир кадамдардын зарылдыгы жок:

  • Document type блогунун жанындагы чоңойткучту басыңыз, жана Educational тандаңыз
  • Document name бөлүкчөсүнөн документтин аталышын киргизгиле (мисалы : баа тизмеси)
  • «Жүктөө» баскычын басып, документти тандаңыз.
  • Документ жүктөлүп бүткүчө күтүп туруңуз, бул бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн.
  • Жүктөлгөн документ таблицанын ылдый жагында көрүнөт

Эки документ жүктөлгөндөн кийин, баракчанын төмөнкү жагында көрүнүп турушу зарыл.


VI кадам: БАУнын сынактарын кайсы жерде тапшырууну пландаштырып жатасыз, БАУ жөнүндө кайдан билдиңиз,жана ошондой эле жоболор жана шарттарды кабыл алганыңызды жазып көрсөтүңүз.

  • БАУнун сынактарын тапшыруу үчүн тандаган тестирлөө борборун жана математика боюнча сынактын түшүндүрмөсүнүн тилин тандаңыз.
  • БАУ сынагы англис тилинде жүргүзүлөт. Бирок, математика болүмүнүн ачык суроолорунун башка тилдердеги котормосун сурап алсаныз болот. Кайсы тилдеги которомо керек экендигин тандаңыз.
  • БАУ жөнүндө кайдан билгениңиз жөнүндө жазып көрсөтүңүз
  • Паспортко түшкөндөй сүрөтүңүздү (1 МБ ашпаган) жүктөңүз. Бетиниздин сүрөттү даана көрүнүп туруш керек жана актуалдуу болуш керек. Селфи же башка сүрөттөн алынган көчүрмөлөр жарабайт.

Өтүнүч арызды тапшыруу шарттары

БАУнун өтүнүч арызынын толтурулган формасын тапшырганга чейин онлайн өтүнүч арызда маалыматты жаңыртса жана оңдосо болот. Сиз эң акыркы өтүнүч арызды тапшырганга чейин гана зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жасай аласыз жана кошумча маалыматты киргизе аласыз.

Өтүнүч арызды «Submit» («Тапшырууга») чейин мурдагы баракчалардагы киргизилген бардык маалыматтарды дагы бир жолу карап чыгыңыз.

Бардык маалыматты карап чыккандан кийин «Save» («Сактоону») басыңыз.

«Тапшыруу» кнопкасын басыңыз. Өтүнүч арызды тапшыргандан кийин өтүнүч арыздын көчүрмөсү тиркелген ырастоочу электрондук кат аласыз.

apply@ucentralasia.org электрондук почта дарегине коштомо документтерди тапшырууну сизден суранышат. Талап кылынган коштомо документтердин тизмесин көрүү үчүн https://ucentralasia.org/Admissions/Index/KR шилтемесине кириңиз.