COVID-19 таажы вирусу менен күрөшүүнүн алкагында Борбордук Азия Университети (БАУ) Нарын шаарында 90 керебеттик орундарын сунуштады

Date: 26 March 2020
Other languages: English | Русский язык |
COVID-19 таажы вирусу пандемиясынын кырдаалында Борбордук Азия Университети (БАУ) Нарын шаарындагы кампусунун аймагында 90 керебетти жайгаштыруу үчүн орундарды сунуштады. Бул даярдык көрүү иш-чаралары COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу боюнча Нарын шаарынын чукул кырдаалдагы мерчемдерин ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Азыркы учурда БАУнун спорт комплексинде жана курулуш иштери боюнча кеңсесинде зарыл болгон инфратүзүмдү даярдоо иштери жүрүп жатат.
 
Мындан сырткары Нарын шаарынын мэриясынын так маалыматтарына ылайык калктын аярлуу катмарындагы 500 үй-бүлө БАУ тарабынан азык-түлүк жана медициналык керек-жарактар менен камсыздалмакчы: бет кап, колдорду жугушсуздандыруучу каражат, антибактериялык самын, ун, кесме жана тамак-аш майы.


Нарын шаарына медициналык керек-жарактарды жана азык-түлүктөрдү жеткирүү үчүн жүктөө.

БАУнун Нарын шаарындагы кампусунда 30 керебеттик орундар даяр болуп калды, ошондой эле кошумча орундарды даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Кыргызстан менен Казакстан Өкмөттөрүнүн мектептерди жана университеттерди убактылуу жабуу боюнча токтомдорун аткарууга байланыштуу Борбордук Азия Университетинде да окуу убактылуу токтотулду. Студенттер кампустан чыгып кеткенге чейин университеттин кызматкерлери унааларды жана автобустарды жугушсуздандыруу боюнча иштерди аткарышты жана жууп-тазалашты, ошондой эле бет каптар жана жугушсуздандыруучу каражаттар таратылды, медициналык кароо өткөрүлдү. Адегенде 5-апрелге белгиленген БАУнун окууга кирүү сынактары кийинки мезгилге жылдырылды.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more