Борбордук Азия Университети Төш-Булак чөлкөмүнүн жашоочуларына Курман Айт майрамына карата азык-түлүк жана башка керек-жарактарды таратты

Date: 02 August 2020
Other languages: English | Русский язык |
Нарын шаарындагы Төш-Булак чөлкөмүнүн жашоочулары Курман Айт майрамына карата күтүлбөгөн белекти күтүп алышты – бул Борбордук Азия Университетинин (БАУ) күндөлүк турмушта зарыл болгон азык жана тазалык баштыктары (жугушсуздандыруучу каражаттар, бет кап ж.б.у.с.) болду. 2020-жылдын 1-август күнү аталган жардам баштыктарын Нарын шаарынын мэринин маалыматы боюнча калктын аяр катмарына кирген 30 үй-бүлө алышты.


Төш-Булак чөлкөмүнүн жашоочуларына азык жана тазалык баштыктарын таратуу
Жол кырсыгынан каза болгон инисинин 2 жана өзүнүн 5, баардыгы болуп 7 баланы тарбиялап жаткан Сыйнабүбү берилген жардам баштыктарын сүйүнүп тосун алды:  «Биздин чөлкөм БАУнун Нарын шаарындагы кампусу менен кошуна жайгашкан жана биз дайыма Ага Хан уюму тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан жардамдарга ыраазыбыз». Бул иш-чарага Нарын шаарынын мэринин орун басары Назира Жумакадырова да катышып мындай деди: «Таажы илдети пандемиясы башталган алгачкы күндөрдөн тартып биз БАУдан зарыл болгон жардамдарды жана колдоолорду алып келе жатабыз. Биз Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун жергиликтүү бийлик менен кызматташуусун жогорку деңгээлде баалайбыз. Өткөндө БАУ 500 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктарын жана Нарын облустук ооруканасынын дарыгерлерине медициналык керек-жарактарды жана жекече коргонуу каражаттарын тараткан». БАУ ушундай эле жардамды Тажикстандагы муктаж үй-бүлөлөр үчүн Хорог ооруканкасына да берген эле. Жумшалган чыгымдар университеттин кызматкерлери негиздеген Covid-19 Тилектештик Фондусунун эсебинен каржыланган.

БАУнун Нарын шаарында ачылган кампусу (курулушка $100 млн дон ашык каражат сарпталган) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн орчундуу роль ойноду. Ал эми Нарын шаары күн өткөн сайын университеттик шаарга айланып бара жатат. 

Төш-Булак чөлкөмундөгү жаштардын демилгелүү тобунун башчысы Эркин Асаналиев БАУга кампуста курулуш иштеринин жүрүшүндө камсыз кылынган жумушчу орундар үчүн ыраазычылык билдирүү менен келечекте да колдоолорду чыдамсыздык менен күтө тургандыгын билдирди.


Төш-Булак чөлкөмүнө жеткирүү үчүн БАУнун кампасынан азык-түлүк баштыктарын жүктөө.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more