БАУнун Гуманитардык жана так илимдер Мектебинде жаңы декан

Борбордук Азия Университети профессор Максим Борисович Хомяковдун Гуманитардык жана так илимдер факультетинин деканы болуп дайындалышын кубануу менен жарыялайт (2020-жылдын 1-сентябрь күнү күчүнө кирди).
1-сентябрда өзүнүн жаңы иш милдеттерин аткарууга киришкен профессор Хомяков БАУга көпчүлүккө таанымал академиялык билими, эл аралык деңгээлдеги ой жүгүртүүсү, академиялык менеджмент жаатындагы кеңири тажрыйбасы жана өтө кеңири тармактагы маселелер жана изилдөөлөр боюнча илимий эмгектердин тизмесин камтыган жетишкендиктери менен келип жатат.
Өзүнүн академиялык карьерасын Екатеринбургдагы Урал медициналык академиясынын философия кафедрасында доцент болуп иштөө баштаган. Натыйжада 1996-жылы ал доцент жана декандын орун басары болгон. Ал эми 2000-жылы Екатеринбургдагы Урал федералдык университетинин (УрФУ) жана М.Горький атындагы Урал мамлекеттик университетинин философия кафедрасынын профессору катары иштеген. 2017-жылдан баштап профессор Хомяков УрФУнун БРИКС изилдөөлөр борборунун директору, Жогорку экономика Мектебинин Санк-Петербургдагы кампусунун директорунун орун басары (стратегия, изилдөөлөр, эл аралык мамилелер боюнча) болуп эсептелет.
2016-жылдан
2020-жылга чейин БАУнун Гуманитардык жана так илимдер Мектебинин деканы
кызматын ээлеп турган жана мурунку кызматында аталган мектептин жетишкендиктерине
эмгек сиңирген Доктор Диана Пауна болгон жана ал бул кеңешчилик ролун
2020-жылдын аягына чейин аткармакчы.